Эссе сынагынын финалисти, Байтикова Бактыгүл:
Эссе сынагынын финалисти
“Жылдыздуу жээк” – бир үзүм кеп…
“Таалайга талпынбаган тилек болбойт” дейт элибизде. Анын сыңарындай, жакшы тилек кылып жатып былтыр финалга чыгып, бирок жүйөөлүү себеп менен Ысык-Көлгө бара албай калган элем. Кудайдын буйругу, Ч.Турсунбеков атындагы фонддун эске алуусу жана калыстардын чечими менен быйылкы жылы финалисттердин катарын толуктоо маңдайга буюрган экен. Ансыз да бала менен үйдө отурган мен үчүн бул фестиваль жарк эткен жылдыздай күтүүсүз жарык чачып, жан дүйнөм толкуп, жашоом шаңдуу боло түштү.
Алгач эле шаардын думуктурган ысыгынан кутулуп, көлгө барганда көңүлүм бир сергисе, андан аркы жолугушууларды, жээктеги кызуу маек, көрүүчүлөрдүн жылуу пикирин, эстен кеткис эс алууну сөз менен жеткирип болбойт.
Барган күнү ачылыш аземинен кийин конкурстун биринчи туру башталганга чейин көл жээкке чуркап барып, жүз чайкап, толкундар менен учурашып кайттым. Антип улуу көлдөн уруксат сурап, батасы менен жарышка аттанбаса болобу?..
Алгач өзүбүздүн экиден, андан соң Чыныбай Турсунбековдун калемине таандык ырлардан бирди көркөм окудук. Мен темага байланыштуу “Ысык-Көлдө” деген ырын тандап алган элем. Жатка айтам деп жүз жолу кайталай берип, ал ыр менин көкүрөгүмө кыттай уюп калды.
Экинчи күнү калыстар тобу тарабынан берилген темага ыр жазуубуз керек эле. Акындын ырынын жана китебинин атынан “Жылдыздуу жээк” деген тема берилди. Ал күндөрү бул улуу адамдын чыгармачылыгы, эмгек жолу, ишмердүүлүгү тууралуу кенен маалымат алып, басмадан жаңы чыккан китептери менен таанышууга зор мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Ар күнү негизги бөлүктөн соң конок катары чакырылган улуу муундагы акындардын ырларын угуп, адабиятчы-сынчы, котормочу агай-эжелердин китептерин белекке алып, жаш акындар өзүбүзчө кужулдаша калып, тамаша чалып, тамак үстүндө ырларды талкууга салып, эки-экиден жеке жашоо тууралуу сырдашып-муңдашып, айтор, аз да болсо көр тирликтен алыстап, жан дүйнөлөрдү жыргатып, күч-кубат топтоп алдык.
Мен негизи ода ырларын жаза бербейм. Жазсам жакшы ийгилик болору күтүлүп турса да, көңүлүм туура тапмайынча көкүрөгүмдөн чыкпайт. Буга чейин эле акындын урматына бир ыр арнасам деп жүргөн оюмду ишке ашырчу убак эми келди дедим. Алгачкы саптарды таңкы беш жарымда көл жээктен жаза баштадым. Бул менин Ч.Айтматов, Ж.Мамытовдон кийинки жазган арноо ырым болду. Анда эмесе, чыгарманын чыпчыргасын коротпой толук келтирейин: Чыныбай Турсунбековго
(“Жылдыздуу жээк” ырынан улам)
Кыргызда жылдыз деген кубаттуу сөз,
Жылдызы келишти дейт
Издешпей табышканды,
Жылдызы түштү дешет
Кабагы карышканды,
Жылдыздуу адам дешет
Маңдайы жарыктарды.
Барпаңдап бала сымал бар мүнөзү,
Алпейим болгон тура ал бир өзү.
Тамшантат талашы көп саясатта
Таптаза бойдон калган жан дүйнөсү.
Ал өзү сезген эмес
Жасаган жакшылыгы себеп болуп
Эңсеген жээкке жетип
Жылдызы жангандыгын,
Баасы жок эмгеги үчүн
Бакыттын өзү издеп баргандыгын,
Мезгилсиз көзү өтсө да,
Мекенде бир өмүрү калгандыгын.
Жалганды чындык менен камчылаган,
Карааны, руху көктө калкып анан,
Канча үйгө кут-ырыскы тартуулаган,
Жаркыган элесине таазим кылып,
Акындын мухитине бой урабыз,
Атабыз аркы өйүздөн кол булгалап,
Жылдыздуу көл жээгинен жолугабыз!
Жыйынтыгында “Жылдын ачылышы” номинациясы жана акчалай сыйлык мага буйруптур. Кубанычымда чек болгон жок. Бул салмактуу сөздүн өзү эле шыктандырып, мындан ары да моюнга жоопкерчилик артып турду. Күтүүсүз келген ийгиликке толкундап турган мени элдин дүркүрөгөн кол чабуусу кубаттап, мелмилдеген Ысык-Көл, жоон топ толкундар, кечки сыдырым жел, кооз табият, бардыгы бийикке көтөрүп, куттуктап жаткандай сезилди. Баарына рахмат! Ошентип менин, бошой калсам жолдошума жүгүрүп, балама чарпылып, көл жээкке чуркап, ыр менен алпурушуп жүргөн аракетим акталды. Сөзүмдүн аягында, адамдын каалоосу күч болсо баарына жетишерин, аракетчил болсо ийгилик жараларын, тилеги таза, максаты түз жана улуу болсо Кудай жардам берерин айткым келет.
Ушундай шартты камсыздап берген Ч.Турсунбеков атындагы фондго жана жалпы уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирем.
Жашасын “Жылдыздуу жээк”! Алгаласын, акындар!